Сокулукта маршрутканын айдоочусу өспүрүмдү өлтүрө сүздү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 2-апрелде Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, кырсык 1-апрель күнү саат 16:25 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 8-чакырымында болгон.
"Анда "АЙМЭ" ЖЧКсына караштуу №374 "Бишкек - Кара-Балта" маршруттук каттамында жүргөн Мерседес-Бенц 313 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгыштан батышты карай бара жатып түндүктөн түштүктү көздөй жөө өтмөктөн чуркап чыккан 2015-жылы туулган А.А.ны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү каза болгон",-деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүү кызматкерлер тарабынан экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.