Канат Шабданбеков: "Анжелика айым экөөбүздүн "хайп мамилебиз" ийгиликтүү болду"

"Анжелика айым экөөбүздүн "хайп мамилебиз" ийгиликтүү болду" дейт SUPER.KG порталынын каарманы Канат Шабданбеков.

"Анжелика айым мага жарнама тартууга буюртма берип, ошондо таанышып калганбыз. Андан соң кызматташалы деп сунуштап калды. Кыргызстанда Анжелика айым хайптын ханышасы да, мен да блогерлер арасында хайптын туу чокусунда жүрөм.

Экөөбүз биригип сонун долбоор ачалы, аны жарнамалоо үчүн абдан кылдат иштелип чыккан, эл ишене турган хайп уюштуралы деп сүйлөшкөнбүз. "Биз жолуктук" деген долбоорду ачыш үчүн ошол "хайп мамилени" бир жыл бою артыбыздан ээрчитип жүрдүк.

Жубайым да башында ушул нерсени сурады, жадакалса кайнатам да "ал Анжеликаны албады беле" деп айтыптыр. Мен муну биздин "грамотный хайпыбыз" болду деп эсептейм. Анын артынан жаштардын башын бириктирген, жаңы түгөйлөрдү табыштырган сонун долбоорду ачтык", - дейт Шабданбеков.

Каарманыбыз маектин жүрүшүндө алдыга койгон максаттары менен да бөлүшүп өттү. Ал блогер катары КМШ, Азияга таанылуунун аракетин көрүп жатканын айтып берди.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын YOUTUBE каналынан көрүңүздөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан