Ырчы, дастанчы Азиз Батыров жана анын шакирттери коңшу Казакстанда өткөн “Учкун” эл аралык сынакта баш байгени жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 2-аперелде SUPER.KG порталына ырчы өзү билдирди.
Анын айтымында, ырчынын шакирттери болгон "Ынтымак" тобу Кыргызстандын намысын коргоп, элдик ыр, терме, дастан айтуу боюнча баш байгени багындырса, күү чертүү боюнча 1-орунду алган. Ал эми өзү калыстар тобунун мүчөсү катары чакырылган.
"Коңшу өлкөдө өткөн эл аралык сынактан шакирттерим баш байгени багындырып, ийгиликтүү кайттык. Биздин жеңишибизге кыргыз эли сүйүнүп жатканына абдан кубанычиамын. Өлкөбүздүн желегин татыктуу желбиретип келген өнөрлүү топту 500дөн ашык адам тосуп алды", - деди Азиз Батыров.
Эске салсак, аталган эл аралык сынак 31-мартта Алматы облусунда өттү.