"Гранаталар, октор". Жети-Өгүздө курал-жарак сакталган жай табылды (фото)

Жети-Өгүз районунда курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 30-мартта Чек ара кызматынын сапёрлор тобунун катышуусу менен жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы эски сүт-товар фермасынын аймагынан курал жарак сакталган жашыруун жер аныкталып, андан “РГД-5” үлгүсүндөгү 2 кол гранатасы, 2 даана чет өлкөлүк жарык-үн чыгаруучу граната, 4 түтүн бомбасы, 7,62х54 калибрдеги снайпердик курал үчүн 16 патрон жана 5,45х39 калибрдеги Калашников автоматы үчүн 42 патрон табылган.

Мындан улам аталган факты боюнча курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча иликтөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан