Бишкекте Алла Духова жетектеген "Todes" эл аралык балет театры жаңы спектаклин тартуулады  

Кечээ, 2-апрелде белгилүү орусиялык хореограф Алла Духова жетектеген "Тоdes" эл аралык балет театры "Attention" аталышындагы жаңы спектаклди кыргыз көрүүчүлөрүнө тартуулады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баштаган бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана бий өнөрүн сүйгөн күйөрмандар катышты.

Белгилей кетсек, "Тоdes" бий театры 2014-жылы ачылган. Аталган театр заманбап көрүүчүнүн профессионалдык балет кандай болушу мүмкүн деген көз-карашты калыптандырып, коомчулуктун оюн өзгөрткөн. Классика, элдик, эстрада, Jazz Modern, стрип-пластика, көркөм гимнастика, хип-хоп, брейк-данс ж.б. бир нече бий жанрын камтыган уникалдуу театр Алла Духованын көп жылдык талыкпаган эмгегинин натыйжасын берип, эл аралык аренада өз ордун тапкан.

"Ал эми Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдында түзүлө турган бий труппасына кастинг эртең, 3-4-апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында өтөт.

Тандоо комиссиясынын башында Алла Духова турат. Ал атайын Москвадан Бишкекке балет труппага улан-кыздарды кастингден өткөрүү үчүн келди",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан