Стамбулда түнкү клубдан чыккан өрттөн 29 адам каза болду

Стамбулдун борборундагы Masquerade түнкү клубунда өрт чыкты. Кеминде 29 адам каза болуп, бирөө жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Стамбул провинциясынын губернатору Давут Гүлдүн айтымында, өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:47 чамасында Гайреттепе районундагы 16 кабаттуу турак жайдын жер төлөсүндө башталган. Жер төлөнүн эки кабатында ремонт иштери жүрүп жаткан клуб болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгондордун баары курулушта иштегендер.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, өрткө байланыштуу алты адам кармалган. Бийлик өрттүн келип чыгуу себептерин иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан