Москвада Кыргыз жараны "Крокустагы" теракт тууралуу сүйлөшкөнү үчүн кармалды

Москвада "Крокус Сити Холлдогу" теракт тууралуу телефон аркылуу сүйлөшкөнү үчүн Кыргыз жараны кармалды. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык А.Ж.А. терроризмди эл алдында актаган деп шектелип, Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "терроризмди ачык актоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Орусиядагы элчилик бул ишти көзөмөлүнө алды.

"Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгү Орусиянын тергөө органдарына жогоруда аталган кылмыш иши боюнча алдын ала тергөөнүн жүрүшү тууралуу толук маалымат алуу үчүн тиешелүү суроо-талаптарды жөнөткөн. Буга байланыштуу зарылчылыкка жараша элчилик козголгон кылмыш ишинин алкагында мекендешке консулдук жана юридикалык жардам көрсөтөт. Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Орусиядагы элчилигинин көзөмөлүндө", - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Эске салсак, 22-мартта "Crocus City Hall" концерттик залында теракт болгон. Анда бир нече адам залга кирип келип, адамдарга ок чыгарган. Кандуу окуядан Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Михаил Мурашконун акыркы маалыматы боюнча, 144 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан