Коргонбай уулу Бейшеналиевди коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга айыптады 

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап, билдирүү жасады. Анын кайрылуусу жарым саатка созулуп, президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге да кайрылуу жолдоду.

Депутат өз сөзүндө мамлекетте алгылыктуу жумуштар жасалып жатканда мындай кадамдарды артка тарткандар болуп жатканын айтты.

"Команданын ичинде саткындар болот экен. Алардын бири Алымкадыр Бейшеналиев. Бул киши жумушка келгенден бери президенттин ишенимине кирип, анын атын сатып, мамлекетте эң маанилүү деп саналган саламаттыкты сактоо тармагынын жалпы системасын талкалап бүтмөй болду. Убакыттын тардыгына байланыштуу анча-мынча фактыларга эле токтолуп кетейин. Биринчиден, мен өткөнкү сессияда бул киши кылмыш дүйнөсү менен түздөн-түз байланышта деп айткам.

Ал Гиппократтын антын ичкем, кылмыш дүйнөсүнөн болобу, башка болобу мен операцияга жасаганга мажбурмун деп айтыптыр. Кыргызстанда мыйзам деген бар. Бул андай кылмышкерлерди ооруканада, ачык эмес, үйүндө, жашыруун операция жасап, дарылап жүргөн. Бул операцияны Гиппократ үчүн эмес, АКШнын доллары үчүн жасаган", - деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү өз сөзүндө Алымкадыр Бейшеналиевдин айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын айтты. Министрдин мыйзамсыз байыганын айтып, анын жана жакындарынын мүлкү 2 миллиард сомдон аша турганын билдирди. Мындан улам Бейшеналиевдин мүлкүн, байлыгын текшерип, коррупциялык иштерге аралашканын иликтөө керектигине токтолду.

Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун сотко бергени айтылган.

Анын бул кадамга баруусуна Коргонбай уулу анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени себеп болгонун билдирген.

Эске салсак, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп сындаган.

Эл өкүлү министр "мыйзамдагы ууру" Рысбек Акматбаевге операция жасаганын, мындан улам УКМК Бейшеналиевди жоопкерчиликке тартыш керектигин айткан. Ошондой эле ал Бейшеналиевдин "кара хирург" деген каймана аты бар экенин билдирген.

Коргонбай уулу Бейшеналиевди коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга айыптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан