"Крокуста" каза болгон 84 адамдын сөөгү туугандарына берилди

Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" борборундагы теракттан каза болгон 84 адамдын сөөгү жерге берүү үчүн туугандарына берилди. Бул тууралуу РИА Новости өзгөчө кырдаалдар кызматындагы булакка таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, сөөктөр Москванын Царицыно районундагы соттук-медициналык өлүкканадан чыгарылган. Жалпысынан учурда ал жерде кырсыктан каза болгон 144 адамдын ичинен 87 адамдын өздүгү такталды.

"Крокустагы" теракт 22-март күнү кечинде болгон. Натыйжада 144 адам каза болуп, 500дөн ашууну жарадар болгон. Иштин алкагында 11 адам кармалып, анын 10у камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан