"Жаш кыздарды жолугушууга чакырып". УКМК Бишкекте египеттик жаранды кармады

Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагынан 2000-жылы туулган Египеттин Е.А.Р.С. аттуу жараны кармалган.

"Ал борбордо жаш кыздар менен таанышып, андан соң чогуу эс алууга чакырып, болуп жаткан бардык процесстерди (спирт ичимдиктерин, баңги заттарды, интим ж.б.) жашыруун түрдө аудио-видеого жаздырып, аларды интернеттеги социалдык тармактарга жарыялоо аркылуу коркутуу жолу менен, акча каражаттарын опузалап талап кылган жана андан ары сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге да барган", - деп билдиришти УКМКдан.

Мындан улам УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" боюнча кылмыш иши козголуп, чет өлкөлүк жаран 30-мартта Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Учурда аталган чет элдик жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан