Тейлор Свифт биринчи жолу дүйнөдөгү миллиардерлердин катарына кошулду

Америкалык ырчы Тейлор Свифт Forbes журналы түзгөн миллиардерлердин тизмесине биринчи жолу кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Forbes журналы ырчынын байлыгын 1 миллиард 100 миллион долларга баалаган.

Тизмеде биринчи орунду 233 миллиард доллар байлыгы менен француз ишкери Бернар Арно ээледи, ал үй-бүлөсү менен кымбат баалуу буюмдарды өндүрүүчүлөрдү бириктирген LVMH холдингине ээлик кылат.

Экинчи орунду Tesla, Space X компаниясынын негиздөөчүсү жана X социалдык тармагынын ээси Илон Маск (195 миллиард), үчүнчү орунду Amazonдун негиздөөчүсү Жефф Безос (194 миллиард) ээледи. Төртүнчү орунда Meta корпорациясынын башчысы Марк Цукерберг (177 миллиард) турат, ал компаниянын акцияларынын өсүшүнүн эсебинен байлыгын 116 миллиардга көбөйтүүгө жетишкен.

Алдыңкы бештикти Oracle компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Эллисон (141 миллиард доллар) жапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан