![](https://www.super.kg/upload/janylyk/2024/04/1689216963.jpg)
Эртең, 4-апрелде Ош облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул туурасында "Ош электр тармактар" ишканасынан кабарлашты.
Мындай чектөө күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу экени айтылды.
Ага ылайык, саат 08.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт:
Араван районунун Дөбө-Коргон айыл өкмөтүндө.
Алай районунун Сопу, Гүлчө айылдарында, Нарматов, Тилеке, Муз-Булак көчөлөрүндө.
Кара-Суу районунун Курбан-Кара, Октябрь, Кескен-Жар, Кең-Сай, Кыдырша, Савай, Ынтымак, Кызыл-Шарк, Сары-Колот, Барак, Дача Кирова, Ак-Колот, Стант, Тажибай, Чоок, Кыш-Абад, Питомник, Беш-Кепе, Казак маала, Савай Арык, Ош-3000, Фархад, Жаңы Кызыл-Суу, Кожомбак айылдарында
Мекеме убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.