Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Стамбул шаарындагы 29 адамдын өмүрүн алган имараттагы өрт кырсыгына байланыштуу кесиптеши Хакану Фиданга көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу министрлик бүгүн, 3-апрелде кабарлады.
«2024-жылдын 2-апрелинде Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы имараттардын биринде болгон өрттүн кесепетинен улам адамдардын курмандыктарына байланыштуу чын дилимден жана терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып жана жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм.
Биз орду толгус жоготуунун азабын жана ачуусун тең бөлүшөбүз», – деп айтылат министрдин телеграммасында.
Эске салсак, чет элдик басылмалар Стамбулдун борборундагы "Masquerade" түнкү клубунда чыккан өрттөң кеминде 29 адам каза болуп, бирөө жарадар болгонун жазышкан.