"Үйү өрттөнүп". Ноокенде киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Ноокен районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, 24-март күнү саат 22:00 чамасында Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ноокен райондук өрткө каршы кызматынын диспетчери аркылуу чакыруу түшкөн. Анда диспетчер ошол эле райондун Масы айылында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 4-кабатында өрт чыккандыгын билдирген.
Окуя болгон жерге Ноокен РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган учурда 69 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, анда жараты бар экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун 42 жаштагы тургуну Д.М. экендиги аныкталып, тергөө кызматына алынып келинген.
27-март күнү кылмыш ишине шектүү Ноокен райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынган.
Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан