Кыргыз футбол союзу "Крокуста" эрдик жасаган Ислам Халиловго белек тартуулады

Кыргыз футбол союзу "Крокустагы" терактта жүздөн ашык адамды куткарууга жардам берген Ислам Халиловго Улуттук курама команданын оюнчуларынын колу коюлган футболка тартуулады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун телеграм каналына жазылды.

"Футболканы тапшыруу идеясын биздин курама команданын капитаны Валерий Кичин сунуштаган. Капитан жакында эле Ислам менен телефон аркылуу маектешип, анын кылган эрдиги үчүн жалпы команданын атынан ыраазычылык билдирди" деп жазылат андагы маалыматта.

Эске салсак, Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" борборундагы теракт 22-март күнү кечинде болгон. Натыйжада 144 адам каза болуп, 500дөн ашууну жарадар болгон. Иштин алкагында 11 адам кармалып, анын 10у камакка алынган.

Кыргызстандык өспүрүм Ислам Халилов “Крокустагы” кандуу окуяда 100дөн ашуун адамды куткарууга жардам көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан