Кыргызстанда жер титирөө катталды

Өлкө аймагында 4-апрелде саат 04:43тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалымдалгандай, жер титирөөнүн очогу Ат-Ойнок тоо кыркаларында орун алды. Тактап айтканда, Кызыл-Көл айылынан түндүк-чыгышты карай 12 чакырым, Чат айылынан түндүк-чыгышты карай 14 чакырым, Көгарт, Аркыт айылдарынан түндүк-чыгышты карай 15 чакырым жана Кербен айылынан түндүк-чыгышты карай 51 чакырым алыстыкта орун алган.

"Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген. Алсак, Ат-Ойнок, Кызыл-Көл, Чат, Көгарт, Аркыт, Жбузүмжан айылдарында 3 баллга, Көл, Алмалуу, Кара-Жыгач, Кызыл-Туу, Чарба, Райкомол, Жаңы-Жол айылдарында дээрлик 3 баллга жакын сезилген",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан