Мамлекет томолой жетим балдарга 500 миң сомдон берет

Мамлекет томолой жетим балдарга 500 миң сомдон берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтканын бүгүн, 4-апрелде парламенттин жыйынында билдирди.
Ага ылайык, өлкөдө 1868 тоголок жетим бала бар. Мамлекет аларды колдоо үчүн банк эсебин ачып, белгиленген сумманы которот. Эсебине түшкөн каражат баланын колуна 18ге чыкканда гана берилет.
"Балдар үйүндө тарбияланган балдарга 18ге чыкканда кам көрүлбөй калат. Натыйжада уурулук, кылмыш же сойкулук менен алектенип кеткен фактылар көп катталат. Мамлекет аларга көңүл бурчу эмес. Экономикабыз оңолуп, колдоого муктаж коомдун катмарына көңүл бурулуп жатат. Алар үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт", - деди ал.
Ал эми президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүн башчысы Дайырбек Орунбеков аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көрүлүп жаткан камкордук тууралуу айтып берди.
"Мамлекет аз камсыз жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берип баштаган. Өткөн эки жылда 12 800 үй-бүлө алса, быйыл 20 000 үй-бүлөгө каражат бөлүндү. Мамлекеттин колдоосун алгандардын 99 пайызы жакырчылыктан арылып, өз алдынча бизнес долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып жатат, - деди Орунбеков.

Жогорку Кеңеш 04.04.24
Дайырбек Орунбеков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан