Чүйдүн Сокулук районундагы Пригородное айылына жакын талаадан жаңы төрөлгөн ымыркайдын (эркек) сөөгү табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ымыркайдан сөөгү жаткандыгы тууралуу билдирүү милицияга 31-мартта болжол менен саат 22:09да түшкөн.
"Материалды текшерүү учурунда бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, жаңы төрөлгөн баланын энесин аныктоо боюнча да бардык чаралар көрүлдү", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Милиция учурда ымыркайдын энесин издеп жатат.