Өлкөдө балдарды 1-класска электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт

Өлкөдө балдарды 1-класска электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, биринчи этап жашаган же катталган жери боюнча 8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлөт. Ал эми экинчи этап анык жашаган жери боюнча 3-июндан 30-августка чейин созулат.

"Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин жүрөт. Мында юридикалык жашаган жери боюнча, тагыраагы кайсы кичи аймакка караса, ошол мектепке каттоо зарыл. Эгер мектеп кандайдыр бир себептерден платформадан чыкпай калса, ошол мектепке же аймактык билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылыш керек.

Экинчи этап 3-июндан 30-августка чейин созулат. Ал жашаган жерине карабастан, кайсы мектепте орун бар болсо каттоодон өтсө болот. Бирок алдын ала жогорудагы портал аркылуу мектеп тууралуу мааалымат алышы керек. Себеби системада ар бир мектеп боюнча бардык маалыматтар бар" деп билдирди Касеинова.

Ал эми ата-энелер балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.

1-класска кирүү үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан