Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды сотто өспүрүм кыздын укугун коргоого чакырды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды сотто өспүрүмдүн укугун камсыздоого чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалымдалгандай, акыйкатчынын жеке кабылдамасында болгон өспүрүм кыздын атасы анын кызынын укугу бузулуп жатканын айтып арызданды.

Анын айтымында, кызын зордуктоо боюнча кылмыш иштин алкагында сот отуруму 2023-жылдын май айынан ушул күнүнө чейин дээрлик бир жылдан бери созулуп келет.
Кыздын атасы тергөө жана сот учурунда да кыздын укугу бузулуп жатканын айтып, зордуктоого шектелип жаткан айыпталуучу жазадан кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулайт.

"Беттештирүү учурунда кылмышка шектүү кызымды спирт ичимдиктерин ичирип, мас кылып зордуктаганын моюнуна алган. Ошондой эле, ал кызыма боюна болтурбоо үчүн дары ичиргенин да айткан. Сурак кылмышка шектүүнүн жактоочусунун катышуусунда болгон. Ал эми сурактын жүрүшү видео тасмага тартылып турган. Тергөөчүнүн тактап сурган суроолорунун баарына шектүү жооп берип, тастыктап берди. Мунун баары шектүү кармалган биринчи күнү болгон. Ошол эле учурда тергөөчү соттук-медициналык экспертиза өткөрүү жөнүндө токтом жазып берген. Экспертиза кыздын кыздык белгисинде бузулуу бар деп зордуктоого кабылганын тастыктады. Эксперттин алдын ала корутундусу ишке тиркөө үчүн тергөөчүгө өткөрүп берилди", — деди кыздын атасы.

Кыздын атасынын айтымында, бир аз убакыттан кийин баары өзгөрүп баштаган.

Мындан тышкары ал 2022-жылы 7-декарда 2007-жылы туулган 15 жаштагы кызы мектепке кеткен бойдон үйүнө келген эместигин кошумчалады.

9-декабрда милиция кызматкерлери кыздын уюлдук телефону аркылуу, болжолдуу жайгашкан жерин табышкан. Издөө иштеринин жыйынтыгында, кыз көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен табылган.

Ага ылайык, батирде эки жигит жана дагы бир кыз болгон. Аларды милиция ички иштер бөлүмүнө алып кеткен. Кыз ыйлап, кармалгандардын бири аны зордуктаганын айтып берген. Кыздын атасы бул иш боюнча дароо милицияга арыз жазган. Ал эми кылмышка шектүү дароо кармалган.

Ал эми кыз табылган батирде тинтүү иштери жүргүзүлгөндө, кыздын билологиялык суюктуктары бар колготкиси табылган.

Бирок тергөө учурунда шектүүнү Казакстанда жүргүзүлгөн экспертизанын талаштуу корутундусуна таянып кое беришкен.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды кыздын укуктарынын камсыздоого чакырды.

"Акыркы убакта зордук-зомбулукка кабылган курмандыктарды атайлап каралоо учурлары көбөйдү. Зордук-зомбулукка кабылган секелек кыздардын өздөрүн күнөөлөгөнгө аракет кылгандар бар. Укук коргоо органдары ушул сыяктуу аракеттерге бөгөт коюп, зомбулуктун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш", - деди Жамиля Жаманбаева.

Ошондой эле Акыйкатчы соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү учурунда кыздын укуктарынын бузулушу боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү расмий суроо-талаптарды жиберет.

Андан сырткары, акыйкатчы өзгөчө тынчсыздануу менен зомбулуктун курмандыктарынын жеке маалыматтарынын купуялуулугунун сакталышын камсыздоого укук коргоо органдарынын көңүлүн бурат. Ошондой эле ал бир нече айлар бою 9 эркек тарабынан зордукталып келген 13-жашар кыздын окуясы тууралуу да үн катты.

Социалдык тармактарда зомбулукту актоо максатында, айрым адамдар Сокулукта зордуктоого кабылган 13 жашар кыздын сүрөтүн жана жеке маалыматтарын таратып жатышат. Бул жабырлануучунун көрсөтмөсүн өзгөрүүгө багытталган басымдардын бири. Ага байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан бул адамдардын аракетине карата мыйзам чегинде укуктук баа берилип, аларды жоопко тартышы керек”, - деп кошумчалады акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан