Туманбаев Жалал-Абадда алты жерде ипотекалык үйлөр курулуп жатканын билдирди

Жалал-Абад облусу боюнча алты жерде ипотекалык үйлөр курулууда, жалпы 2 миң 744 батир. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык баракчасында билдирди.

"Бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Тааныш-билишти салып эч ким алдыңкы кезекке тура албайт, колунда барларга 3,4төн үй алганга жол бербейбиз. Президенттин тапшырмасы менен ипотекалык үйлөр буюрса чыныгы муктаждарга берилет", - деди ал.

Туманбаев мамлекет башчысынын демилгеси менен Бишкекте эле эмес, бардык аймактарда ипотекалык үйлөрдү куруу баштала тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан