Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугунун дареги өзгөрдү

Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугунун дареги өзгөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, консулдук 1-апрелден тарта Фонтанка көчөсү, 50 дарегинде иш алып барууда.
"Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документтерди тариздөө, ошондой эле Түндүк-Батыш федералдык округунда жүргөн мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн жогоруда көрсөтүлгөн дарекке кайрылууну өтүнөбүз", - деп жазылат маалыматта.
Кошумча маалыматтарды тактоо үчүн консулдуктун +7-962-688-25-06; +7-929-128-05-08; +7-929-157-05-08; +7-812-418-24-22 номерлери аркылуу кайрылууга болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан