Чет өлкөлүк студенттер ММК полисин алышы керектиги айтылды

Чет өлкөлүк жарандар жана өлкөдө жашаган же окуган чет өлкөлүк студенттер медициналык кызматтарды алуу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алышы керек. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматында жазылат.

Ага ылайык, ММК полисин алуу үчүн биринчи кезекте калкты тейлөө борборлорунун биринен жеке идентификациялык номерди (ПИН-код) алуу зарыл.

"ММК полиси адистердин консультациясы, диагностикалык жана лабораториялык изилдөөлөр, дарылоо, дары-дармектер, башка медициналык процедуралар, ошондой эле стационарга жаткырууда жеңилдетилген шарттардагы медициналык кызматтарды камтыган медициналык кызматтардын кеңири спектрин алууга мүмкүнчүлүк берет" деп айтылат маалыматта.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу чет элдик жарандарга жана студенттерге Кыргызстанда жүргөндө жардам берүүгө багытталганы кошумчаланды.

Кошумча маалымат:
• ПИН-кодду алуу боюнча нускамалар бардык Калкты тейлөө борборлорунда жеткиликтүү.
• ММК полисине байланыштуу суроолор боюнча ММК фондунун күнү-түнү иштеген 113 шыр байланыш телефонуна кайрылсаңыздар болот. Бардык телефондордон чалуу акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан