Кыргыз окумуштуулары алдыда катуу жер силкинүүлөр болорун божомолдоп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөт башчы бул маалыматты курулуш тармагындагы сейсмо туруктуулук боюнча маселелерге токтолуп жатып айтты.
"Акыркы 150 жылда Кыргызстандын аймагында күчү 7 баллдан жогору болгон 10дон ашык катуу жер титирөө катталган. Булар Кеминде, Сары-Камышта, Алайда жана башка жерлерде. Кыргыз окумуштуулары дагы алдыда күчтүү силкинүүлөрдүн ыктымалдыгын болжолдойт. Эң кооптуу аймактарды белгилеп, тектоникалык жаракаларды иликтеп жатышат", - деди ал.
Жапаров өлкө аймагында жыл сайын 13 миңге жакын жер титирөөлөр болуп турарын кошумчалап, андыктан курулуш тармагында көзөмөлдү жакшыртуу керек дейт.