Тайвандагы жер титирөөдөн каза болгондор жана жабыркагандар арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, бүгүн, 4-апрелде билдирүү таратты.
ТИМдин маалыматына таянсак, 3-апрелде Тайванда күчү 7,2 балл жеткен жер титирөө катталган. Анын очогу Хуалянь округунан 18 чакырымдай түштүк-чыгышта жайгашкан.
"Азыркы учурда Хуалянь уездинде 12 Кыргыз жараны жашайт. Бирок алардын эч бири жабыркаган эмес" деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн: Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы элчилигинин маалыматы боюнча, Тайванда 60тан ашык Кыргыз жараны туруктуу жашайт, алардын басымдуу бөлүгүн студенттер түзөт.
Эске салсак, 3-апрелге караган түнү Тайвандын чыгыш жээгине жакын жайгашкан Окинавадан түштүк-батышта күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталганы маалымдалган. Кырсыктан 9 адам каза болуп, миңден ашууну жабыркаган.