Акылбек Жапаров Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн айтты

Бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн билдирди.

Өкмөт башчы убагында Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда коңшу өлкөлөр жардам колун сунганын белгилеп өттү.

"Бүгүн президенттин тапшырмасы менен кербен даярдалып жатат. ӨКМ ушунун үстүндө иштеп жатат. Алар суранган жок, бирок биз да суранбаганда эле жардам беришкен. Жалаң биздин Кыргызстанда чыккан өндүрүштөрдү бир тууган казак элине жеткирип берели деп жатабыз" - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, коңшу Казакстан бир жумадан бери суу каптоонун кесепеттери менен күрөшүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан