Бишкекте каналдар жана арыктар тазаланууда

Бишкек шаарында ачык, жабык коллектордук-дренаждык жана ирригациялык тармактарды тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери коллектордук-дренаждык системанын түбүн чөп, камыштардан тазалоодо. Тазалоо иштери атайын техниканын жардамы менен аткарылууда.

"Бул багыттагы иштер Бишкек шаарынын аймагындагы жашыл аянтчаларды сугарууну камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынан билдиргендей, жыл башынан бери 101 миң 339 погон метрден ашык сугат тармактары тазаланган",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин магистралдык каналдарды жана сугат тармактарын тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан