Эмгек министри зомбулукту алдын алуу үчүн 325 миң үй-бүлөдө кыдыруу жүргүзүлгөнүн айтты 

Былтыр эмгек мигранттардын балдарын аныктоо жана үй бүлөлүк зомбулукту алдын алуу үчүн социалдык кызматкерлер 325 миңден ашуун үй-бүлөнү кыдырды. Бул тууралуу Жогорку кеңештин бүгүн, 4-апрелдеги жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Анын айтымында, кыдыруунун жыйынтыгында 88 миңден ашык мигранттын балдары аныкталды.

"Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо министрликтин ишинин артыкчылыктуу багыты деп эсептейбиз. Эмгек мигранттардын балдарын аныктоо жана үй-бүлөлүк менен балдарга карата зомбулукту алдын алуу максатында 2023-жылы 325 миңден ашуун үймө-үй кыдыруулар жүргүзүлүп, жыйынтыгында 88 миңден ашык мигранттын балдары аныкталды. Алардын ичинен 71 миңден ашык баланын ата-энеси өлкөдөн чыгып кеткен. Министрлик тарабынан бардык балдар көзөмөлгө алынды", - деди министр.

Баатырова былтыр Орусиядан жана Казакстандан 12 бала алып келингенин жана бул балдар мамлекеттин камкордугуна алынып, бүгүнкү күндө аларды туугандарына өткөрүп берүү иштери аткарылып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, өлкөдө ата-энеси сырткы миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылып, өлүм менен аяктаган окуялары орун алып келет.

Зомбулукту алдын алуу үчүн 325 миңден ашуун үй бүлөдө кыдыруу жүргүзүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан