Өлкөдө балдарды 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт.
Билим берүү жана илим министрлиги электрондук каттоого байланышкан суроолор боюнча чалуу борборуна 110 (call-центр) кайрылуу керектигин кабарлады.
Белгиленгендей, чалуу борбору 8-апрелден баштап 30-августка чейин иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт.
Чалуу акысыз. Түшкү тыныгуу 12:00-13:00.
Ата-энелер балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттай алат.