Кыргызстан былтыр кайсы өлкөлөрдөн, канча көлөмдө электр энергиясын сатып алган?

Бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев былтыр Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алганын айтты.

"Импорттук көлөмдө 3,4 миллиард кВт саат электр энергиясын сатып алдык. Түркмөнстандан 1 миллиард 770 милиион кВт саат, Казакстандан 1 миллиард 219 миллион 700 кВт саат. Орусиядан 298 миллион 800 кВт саат алынды. Алмашуунун алкагында 2023-жылдын март айында Өзбекстандын энергетика системасынан 145,6 миллион көлөмүндө электр энергиясы кабыл алынды. Ушул жылдын июнь-август айларында кайтарып берүү пландаштырылган. Жыйынтыгында 82,1 миллион кВт саат электр энергиясы кайтарылды. Казакстан электр системасы 300 миллион кВт саат берсе, жыйынтыгында 54,4 миллион кВт саат электр энергиясы кайтарылды", - деди ал.

Ошондой эле министр былтыр жалпы керектөө 17 миллиард 200 миллион кВт саат болгонуна токтолуп, анын 12 миллиард кВт сааты ГЭСтерден, 1 миллиард 800 миллион кВт сааты ЖЭБден өндүрүлгөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан