Өзгөчө кырдаалдар кызматы бир нече күндөн бери Ысык-Көлдөн таштандыларды, торлорду чыгаруу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, алар Ысык-Көлдүн Түп, Николаев, Таза булуңдарын жана Прежевальск пристанынан Койсары айылына чейинки 22 542, 77 гектар суу аянтынан 18 400 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Эске салсак, президенттин Жжарлыгы менен Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши бир жыл мурун башталган.
Белгилей кетсек, өткөн жылы суучулдар жалпы аянты 430 миң 086,12 гектарды түзгөн суу астынан 22 миң 545 килограмм таштанды тазалап, 218 миң 100 метр балык уулоочу тор чыгарышкан.