Сокулук РИИБинин башчысы кызматынан бошотулду

Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уран Шамбетов жана орун басары Максат Иманалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты бүгүн, 4-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирмеге ылайык, министрлик тарабынан 2-мартта Сокулук РИИБинин убактылуу кармоо жайынын камерасында суицид фактысы боюнча жооптуу кызматкерлерге карата кызматтык териштирүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ички иштер министрлигинин буйругу менен иш-аракеттери, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, ишенип берилген өздүк курамдын кызматтык ишине тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу үчүн Сокулук РИИБдин башчысы Уран Шамбетов жана анын орун басары Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук нөөмөтчүсү Дүйшөнбек уулу Тилек ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулду.

Ушул эле буйрук менен ИИМ, Чүй ОИИББдин 2 жетекчисине жана 5 кызматкерине тартиптик жаза берилгени маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан