Бишкектеги көчө кесилиштерде чакмак чийиндер чийиле баштады. Эмнеге?

Бишкек шаарындагы көчө кесилиштерде жол тыгындарын азайтуу максатында чакмак жол чийиндери чийиле баштады. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка караганда, шаардагы жол кыймылга мониторинг жүргүзүлгөн. Ага ылайык жол эрежесин бузуулардын негизгиси - кесилиштерде жүрүү же өтүү кезегинин сакталбагандыгы аныкталды.

Мындан улам тыгындарды жана жүрүү кезегин азайтуу, ошондой эле кесилиштердеги кырсыктарды алдын алуу максатында, пилоттук режимде төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерине чакмак жол чийиндерин чийүү чечими кабыл алынды:
- Манас проспектиси - Чүй проспектиси;
- Манас проспектиси – Киев көчөсү;
- Манас проспектиси -Токтогул көчөсү;
- Манас проспектиси - Москва көчөсү;
- Манас проспектиси - Бөкөнбаев көчөсү;
- Чүй проспектиси -Тоголок Молдо көчөсү;
- Исанов көчөсү -Токтогул көчөсү.

Азыркы учурда аталган жол белгиси Токтогул жана Н. Исанов көчөлөрүнүн кесилишине чийилди.

Мындай белгилер кесилишке эреже бузуу менен чыга калган айдоочуларды тартипке салууга мүмкүндүк берүүчү кошумча чара катары колдонулат.

Чакмак жол чийиндеринде унаалар башка жол кыймылынын катышуучуларынын өтүүсүн 5 секунддан көпкө тоспошу керек.

Белгилей кетсек, чакмак чийиндин үстүнө токтогонго таптакыр тыюу салынган эмес.

Чакмак чийиндин үстүнө токтоого толук уруксат берген жагдайлар да бар. Мисалы: кесилиште бурулганда жөө жүргүнчүнү өткөрүп жиберүү же солго бурулуп жаткан каршы тилкедеги унааны өткөрүп жиберүү үчүн токтогонго уруксат берилет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан