Бишкекте дагы бир мамлекеттик "Эл аман" дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиев 3-апрелде №10 ҮМБнун базасында "Эл аман" мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.
"Министр өз сөзүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын базасында "Эл аман" мамлекеттик дарыканалар тармагынын ачылышы өлкөнүн калкын жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармек менен камсыздоого умтулуу экендигин белгиледи. Мамлекеттик аптека өлкөдөгү жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15 пайыз арзандатылган жеткиликтүү баада дарылардын кеңири ассортиментин сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.