Ысык-Көлдө киши колдуу болгон адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде облустук милиция кабарлады.
Маалыматка ылайык, милициянын нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Кызыл-Суу айылынын таштанды таштоочу жайынын аймагынан болжол менен 35-40 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо барган Жети-Өгүз районунун милиция кызматкерлери каза болгон жаран 1987-жылы туулган Т.К. экенин тактаган. Жансыз дене соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинине (Адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Кызыл-Суу айылынын 1972-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.
Анын айтымында, каза болгон аял экөө чогуу жашап келишкен. Окуя болгон күнү экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал маркумду өлтүрүп алган. Андан соң шектүү аялдын жансыз денесин 9 күн ашкана бөлмөсүндө кармаганын, кийин таштанды таштоочу жайдагы бактын жанына таштап кеткенин айткан.
Тергөө амалдары уланууда.