Айрым аймактарда жаан жаайт. 5-апрелге карата аба ырайы

Эртең, 5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+8, күндүз +17…+22,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,

Баткен түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+5, күндүз +10…+15.

Ал эми Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан