Бишкекте 33 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип анын мурдагы күйөөсү кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бүгүн, 4-апрелде Кут жаңы конушунда 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапканы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, милицияга аталган конуштагы үйлөрдүн биринде 1990-жылы туулган А.Р. аттуу жарандын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Мындан улам Биринчи май РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 7-пунктунун 2-бөлүгүнө (Адам өлтүрүү, өзгөчө мыкаачылык менен) ылайык кылмыш иши козголду.

Шектүү катары маркумдун мурдагы күйөөсү 1991-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Милиция толук маалыматты кийинчерээк берерин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова 33 жаштагы аял мурдагы күйөөсү тарабынан бир нече жолу бычакталып, каза болгонун кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан