27-28-апрель күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жеңил атлетика боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өлкө чемпиондугу өтөт. Бул кабарды Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү аралыктарга чуркашат:
Эркектер: 100,200, 400, 800, 1500, 5000 метр (400 метр ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу);
Кыз-келиндер: 100, 200 400, 800, 1500, 5000 метр (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу);
Эстафеталык жарыштар (Mix): 200, 400 метр.
Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.