Алып баруучу Максат Довранов жакында ата болот. Жагымдуу жаңылыгын өзүнүн Инстаграм баракчасына видео аркылуу бөлүштү.
"Алла Тааламдын буйругу менен жакында ата-эне болобуз. Бул жаңылыкты ноябрь айында, апамдын туулган күнүндө билгенбиз. Дуба кылып коюңуздар",- деп жазган ал.
Айта кетсек, Максат Довранов менен сүйүктүүсү Алтынай өткөн жылдын жай мезгилинде баш кошушкан.