Өлкөдөгү бардык райондук маданият бөлүмдөрүнө заманбап үн күчөтүүчү аппаратуралар берилди

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдөгү бардык райондук маданият бөлүмдөрүн акыркы үлгүдөгү музыкалык үн күчөтүүчү аппаратуралар менен камсыздады. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, алардын ар биринин баасы 939 миң 210 сомду түзөт.

Ага ылайык, аппаратуралар президент тарабынан маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен алынды.

"Учурда аппаратуралар Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарына таратылып берилип, орнотулууда.

Жакынкы күндөрү ушундай эле аппаратуралар Ош, Жалал- Абад жана Баткен облустарына жеткирилет",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан