Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеев Жалал-Абад облусунда жумушчу сапары менен болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде аталган миистрликтен билдиришти.
Ага ылайык, облус аймагында аткарылып жаткан жумуштарды жеринен көрүп, кооптуулук жараткан аймактардагы аткарылуучу жумуштар менен таанышты.
"Министр Таш-Көмүр шаарында жайгашкан №57 өрт өчүрүү бөлүгү, экинчи өзүнчө куткаруу отряды жана Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын №6 взводунда өздүк курам үчүн түзүлгөн шарттарды көрдү",-деп айтылат маалыматта.