УКМК: "196,3 миллион сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды"

Бишкекте жайгашкан 196,3 миллион сомдук тарыхый имарат жана жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Фрунзе көчөсүндөгү 0,25 гектар жер тилкесин жана республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имаратты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысын аныктаган.

"1992-жылы Москва шаарынын жалпы профсоюздар конфедерациясынын токтому менен Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кеңешине Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги гимнастика боюнча имарат берилген. Ошол кездеги Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Л.В. жеке кызыкчылыгы үчүн коррупциялык схема уюштурган. Анын жардамы менен жогоруда аталган кыймылсыз мүлктөр Федерациянын ээлигинен мыйзамсыз чыгарылып, жеке компания тарабынан менчиктештирилгени такталган", - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада УКМК жер участогун жана имаратты муниципалдык менчикке кайтарган. Мүлктүн жалпы наркы 196 миллион 302 миң сом.

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана башка фактылар боюнча тергөөдө жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан