Бишкектин айрым райондорунда 9-апрелде таза суу берүү убактылуу токтотулат. Мэрия мындай чара Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу экенин бүгүн, 5-апрелде маалымдады.
Ага ылайык, ал күнү саат 9:00дөн 23:00гө чейин М.Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек-Жолу проспектиси, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрүндө таза суу берилбейт.
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.