Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча чечим чыгарып, мурунку инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде шаардык соттон билдиришти.
Белгилүү болгондой, Шайлообек Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Эске салсак, Бишкек шаарынын административдик соту бир мандаттуу №29 Свердлов округунан шайланып келген Шайлообек Атазовду 1-мартта мандатынан ажыраткан.
Эл өкүлү соттун чечимине комментарий берип, ал мыйзамсыз экенин жана мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин, сот адилетүү деген сөзгө көө жапканын жазган.