Бишкекте шаардын көркүн бузгандарга жалпы 435 миң сом айып салынды

Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү жана тазалык эрежелерин бузгандарга 435 миң 500 сом айып салды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, инспекторлор тартипти сактабагандар менен активдүү күрөшүүдө.

Эрежени бузгандарга 36 протокол түзүлдү:

Масалиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Юнайтед Интернешнл скул" эл аралык мектебине 13 миң сом;
Суванбердиев көчөсү, 51 дарегининин Ж.К. аттуу жашоочусуна 7 миң 500 сом;
Мичурин көчөсүндө жайгашкан "Стальмонтаж Плюс" ЖЧКсына 13 миң сом;
Чуйков көчөсү, 128 б дарегиндеги "Алтын тамга" ЖЧКсына 13 миң сом айып салынды. Ошондой эле басмаканага "Тазалык" ишканасы менен келишим түзүү жөнүндө көрсөтмө берилди;
"Альфа Ойл" ЖЧКсына 13 миң сом;
"V.R.S. Company" ЖЧКсына 13 миң сом айып салынды;
Орозбеков көчөсү, 43 дарегинде жайгашкан "Винзор" ЖЧКсына 17 миң сом;
Каралаев көчөсү, 40/1 дарегинде жайгашкан "Бахчай" кафесине 23 миң сом;
А.Т. аттуу шаар тургунуна 7 миң 500 сом айып салынды.

"Шаардыктар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин1 14-беренеси боюнча көрктөндүрүү эрежелерин бузса, инспекторлор протокол түзүп, тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмө беришет.

Көрсөтмөнү аткарбаган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жеке адамга 3 миң сом, ал эми юридикалык жакка 13 миң сом айып салынат. Жазма буйрукту бир жылдын ичинде кайталап аткарбаган учурда жеке жактар үчүн айып пулдун суммасы 10 миң сомду, юридикалык жактар үчүн - 30 миң сомду түзөт" деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан