Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Ден соолугум - менин укугум” аталышындагы массалык чуркоо иш-чарасы башталууда.
Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, өлкөдөгү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Ливиу Ведраско жана өлкөнүн алдыңкы спортчулару Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, ошондой эле медицина кызматкерлери катышып жатат.
Чуркоо “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинен старт алып, анын аралыгы 1 километр 500 метрди түзөт. Марафонго миңдей адам катышууда.
Чуркоо алдында катышуучуларга концерттик программа тартууланды.