Бишкекте экология маселесин көтөргөн "Ак илбирс" спектакли коюлат

Эртең, 7-апрелде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында экология маселесин көтөргөн "Ак илбирс" аттуу спектакль коюлат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жазуучу жана драматург Жаныш Кулмамбетовдун "Ак илбирс" чыгармасынын негизиндеги спектаклди Жамал Сейдакматова атындагы "Туңгуч" жаштар драма театры тартууламакчы. Ал 7-апрель саат 17:00гө белгиленген. Ушул эле спектакль 16-17-19-апрель күндөрү "Сейтек" балдар борборунда да көрсөтүлөт.
"Ак илбирс" спектаклинде адам баласынын ырайымсыздыгы, алардын Кызыл китепке кирген жаныбарларды жок кылып жатканы, экология, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери көтөрүлөт. Ал элдин экология боюнча маалымдуулугун жана түшүнүгүн жогорулатуу, Кызыл китепке кирген жаныбарларды сактоонун маанилүүлүгүн белгилөө, ак илбирсти сактап калуу жана анын санын көбөйтүү максатында даярдалган" деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик спектакль мамлекет башчы Садыр Жапаровдун колдоосу менен өтүп жатканын жана былтыр 30-декабрда президент "Ак илбирс - Кыргызстандын мамлекеттик символу" жарлыгына кол койгонун кошумчалап, өлкөдө 330 баш ак илбирс бар экени маалымдады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан