Бишкекте "Менин ден соолугум – менин укугум" аталышындагы марафон өттү (видео)

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында “Менин ден соолугум – менин укугум” аталышындагы чуркоо болуп өттү.

Иш-чара саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, өлкөдөгү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Ливиу Ведраско, спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда болду.

Марафондо алгач эстрада жылдыздарынын концерттик программасы орун алды. Андан соң катышуучулар көнүгүү жасап, чуркоого даярданды. Чуркоо “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинен старт алды. Аралыгы 1 километр 500 метрди түздү.

Анда алгач 40 жаштагы жана андан жогорку курактагылар чуркап, марага биринчи келгендерине медалдар тапшырылды. Массалык чуркоо иш-чарасынын алкагында “Ден соолук чатырчалары” уюштурулду. Катышуучулар ден соолуктун негизги көрсөткүчтөрү боюнча медициналык кароодон өтүп, адистерден акысыз кеңештерди алышты.

Аталган иш-чара Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулуп, миңдей адам катышты.

Бишкекте чуркоо марафону өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан