Ошто 13 үй-бүлөгө чакан бизнес баштоо үчүн сертификаттар ыйгарылды

Ош шаарында 13 үй-бүлөгө чакан ишкердигин баштоо үчүн товарларды жана жабдууларды сатып алууга сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул үй-бүлөлөр гендердик стереотиптерди жана басмырлоону жоюуга, зомбулукту азайтууга багытталган "Татыктуу жашоо" долбооруна катышкан. Долбоор шаардык мэрия, "ДИА" коомдук фонду, "Alert International" уюму жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду менен биргеликте Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосунда ишке ашырылды.

"Долбоордун катышуучулары өздөрүнүн социалдык укуктарын коргоо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча тренингдерге катышкандан кийин чакан ишкердигин жүргүзүү, грант алууга бизнес-пландарды иштеп чыгышкан" деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан