ИИМ райондук милиция бөлүмдөрүнө башчыларды дайындады

Ички иштер министрлиги райондук милиция бөлүмдөрүнүн башчыларын алмаштырды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде минисрликтин басма сөз кызматынан кабарлады.
ИИМдин буйругу менен Чүйдүн Жайыл РИИБинин жетекчиси Талантбек Атттокуров ушундай эле кызмат орду менен Сокулук районуна келди. Ал эми Талас РИИБдин начальниги Майрамбек Калманбетов Аттокуровдун ордуна дайындалды.
Нурдин Чолпонкулов ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчылыгынан кетип, Талас районуна барды.
Чүй облустук милициянын жетекчисинин орун басары Искен Базаркулов Кочкор райондук милициянын башчылыгына которулду.
"Жаңы жетекчилерге учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен коомдук тартипти сактоого, кылмыштулуук менен күрөшүүдө жана ыкчам тапшырмаларды аткарууга жаңыча мамиле жасоо тапшырмасы коюлду" деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан